ЛЕОНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕОНОВ Михаил Яковлевич (4. 8. 1912, азыр­кы Арменияу Головино айылы, - 19. 12. 1992, Бишкек) - физик, физика-математика илимдеринин доктору (1949), проф. (1950), Кыргыз ССР ИА­нын академиялык (1961), КРдин илимине эмг. сиң. кызмат­кер (1987). Москва инженердик-ку­рулуш институтун (1934), Днеп­ропетровск университетин (1937) аяктаган. Украин ССР ИА­нын Машина таануу жана ав­томатика институтунда бөлүм башчы (1946-61), ФМИде лабор. башчы (1961-67), ди­ректордун орун басары (1967- 69), бөлүм башчы (1969-75),

Кыргыз ССР ИАнын Автоматика институтунда жетектөөчү илимий кызматкер (1975-92) болуп иш­теген. Деформациялануучу катуу заттардын ме­ханикасы боюнча адис. 200дөн ашуун илимий эмгек­тин, анын ичинде 3 монографиянын автору.

Эмг.: Механика деформаций и разрушения. Физико­математические основы теории. Ф., 1981; Прочность и устойчивость механических систем. Ф., 1987; Кон­структивная механика. Современный курс сопротив­ления материалов и простейших конструкций. Ф., 1991.