ЛЕОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕОН Л е о н-д е-л о е-А л д а м а - Мексика­нын борборунда жайгашкан шаар, Гуанахуато штатында. Мексика тайпак тоосунун түштү­гүндө, дениз деңг. 1885 м бийиктикте, Турбио

Шаардын жалпы көрүнүшү.

д-нын боюнан орун алган. Калкы 1,2 миллион (2010; шаар айланасы менен 1,7 миллион). Эл аралык аэро­порту бар. Өлкөнүн булгаары-бут кийим ө. ж-нын [негизги ишканасы «Са1ха<1о Рт£о» (балдардын жана жаштардын бут кийимдери), «Са1га<1о Уе1тат 8. А. с!е С. V.» (аялдар менен эркек­тердики) ж. б. компаниялар] башкы борбору. Тери ашатчу жана иштетүүчү ишканалары өнүккөн. Тамак-аш - татымал (пиво кайнаты­лат, суусундуктар), текстиль, металл иштетүү, химиялык, целлюлоза-кагаз, эмерек, айнек ө. ж. иш­каналары иштейт. Техникалык май өндүрүлөт. Кафед­ралуу базилика собору (19-к.), чиркөөлөр, саат мунарасы (19-к-дын 2-жарымы), муниципали­тет (1867-69), Кальсада-де-лос-Эрос капкасы, (1893) ж. б. сакталган. Университеттер, институттар, эл ара­лык туризм мектеби, бир нече илимий борбор, му­зейлер, китепканалар бар. Жыл сайын көргөзмө­ярмаркалар, «Ралли Мексика» автомобиль жа­рышы өткөрүлүп турат. Зоопарк уюштурулган. Туризм өнүккөн. Испандар тарабынан 1576-ж. негизделген.