ЛЁНИН —

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЁНИН — Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нунда­гы кыштак. Ленин атындагы айыл аймагынын борбо­ру. Көгарт суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 905 м бийиктикте жайгашкан. Райондун бор­бору Сузак кыш-нан 30 км түндүк-чыгыш тарап­та. Багыш т. ж. бекетинен 10 км. Кыштак 1951-ж. негизделген. Калкы 2213 (2009); негизинен жүзүмчүлүктө жана дыйкан чарбаларында эмгек­тенет. Лицей, орто мектеп, кйтепкана, маданият үйү, бала бакча, байланыш бөлүмү, эс алуу паркы бар. Шарап заводу, турмуш-тиричилик кызматы­нын бөлүмдөрү, тамактануу жана соода жайла­ры, чайкана, тегирмен, май сыгуучу цехтер ж. б.

иштейт. Мурда кант заводу иштегендиктен, бул айыл «Кант заводу» деп да аталат.