ЛИРИКАЛЫК ПРОЗА —

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИРИКАЛЫК ПРОЗА — лирика-эпикалык жанр­дын бир түрү; автордук «мен» үстөмдүк кыл­ган, бошон фабулалуу, баяндоонун көтөрүнкү эмоциялык түзүлүшү менен мүнөздөлүүчү проза. Эпиканын төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрүн камтыйт: кандайдыр бир фабуланын берилиши; кейип­керлердин көбүрөөк катыштырылышы; мүнөз түзүү элементтеринин болушу. Ал эми лирика­дан алган белгилери: баяндоочу субъектинин (ав­тор, ангемечи, каарман) катышуусу, айрым сөз­дөрдү өзгөчө бөлүп колдонуу, сүйлөмдөгу сөздөр­дүн (ээ менен баяндоочтун) орун тартибин алмаш­тыруу, мында композициялык борбор катары баяндоочунун субъекти алынат. Эпикалык окуя­лар, мүнөздөр ар кандай ассоциацияларда, лири­калык чегинүүлөрдө чагылдырылат. Эмоциялуу­лук күчтүү көрүнөт. Ал кат түрүндөгү чыгарма, автобиография, жол дептерлери, эссе сыяктуу композициялык формаларга ээ (К. Г. Паустов­ский, В. А. Солоухин, А. де Сент-Экзюпери).