ЛИПАРИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИПАРИТ (Италиядагы Липари а-нын аты­нан) - химиялык курамы гранитке жакын эффузия тек. Кээде р и о л и т деп да аталат. Лава агымы, жанартоо дөбөсү түрүндө жолугат. Крис­таллданбаган массасында айрым кристаллдык бүртүкчөлөр кездешет. Жер бетиндеги бардык жанартоолордон жолугат. Курулуш ишинде кол­донулат.