ЛИКУРГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИКУРГ (Ьукиг£оз, биздин заманга чейинки 9-8-к.) - легендар­луу спарталык мыйзам чыгаруучу. Айрым оку­муштуулардын изилдөөлөрү боюнча Л. жөнүндө так маалыматтар жок. Биздин заманга чейинки 5-4-к-дагы грек ав­торлору Л-ду Спартанын коомдук жана мамлекеттик түзүлүшүн (герусия, апелла, Спартадагы жер бөлүштүрүү ж. б. институттарды) түзгөн жана лакон жерин экиге бөлүп, чоң жерди спартиаттарга, майдасын периэктерге берип, элдик чогулуш­ту (апеллалар) негиздеген деп эсептешкен. Л-дун доорун кайра жаратуу максатында биздин заманга чейинки 3-к-да падышалар Агис IV жана Клеомен III ре­форма жүргүзүшкөн. Азыркы учурда Л. гректер ойлоп чыгарган адам катары саналат.

Ад.: Печатнова Л. Г. История Спарты (период ар­хаики и классики). СПб., 2001; Фролов Э.Д. Рождение греческого полиса. СПб., 2004.