ЛИКВАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИКВАЦИЯ (латынча И^иаПо - эзилип эрүү, сую­луу) геологияда - бир өңчөй курамдагы магманын температурасы төмөндөгөндө бири-бири­не кошулбаган, эки түрдүү суюктукка ажырап кетүү процесси. Алардын кристаллдашуусунан курамдары ар башка тоо тектер же кенташтар келип чыгат. Силикаттык эриндилерде (айрык­ча фтор, суу, бор сыяктуу жеңил бөлүнүп кетүүчү компоненттери бар болсо) Л. процесстери пайда болорун кээ бир геологдор эксперимент түрүндө аныкташкан.