ЛИЗИНГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИЗИНГ (англ. 1еаз1п£ - ижарага алуу) - ма­шиналарды, жабдууларды, транспорт каражат­тарын, өндүрүш имараттарын ж. б. мүлктөрдү ижарага узак мөөнөткө алуу. Ал 6 айдан бир нече жылга чейин созулат. Л. компания (өзүнүн эсебинен жабдууларды сатып алган) менен ижа­рага алуучу фирма ортосунда келишимдин не­гизинде түзүлөт. Л-ди алуучу (ижарачы) мен­чик укугуна ээлик, бузулса ондоо, каражатты техникалык тейлөө ж. б. жоопкерчиликтерин мойнуна алат. Келишим мөөнөтү бүткөндө ал мүлктү же ээсине кайтарып берет, же келишимди узартат, же Л-ге алган мүлктүн калган баасын төлөп, сатып алса болот. Л. финансылык, операция­лык жана эл аралык деп бөлүнөт. Л. жаңы тех­никаны сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок ишка­наларга пайдалуу, ошондой эле к. Рентинг, Хайринг.