ЛИ ГИ ЁН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИ ГИ ЁН [жашыруун аты - Минчхон; 29. 5. 1895, Чхунчхон ш-на жакынкы Хверён кыш. (азыркы Асан ш-нын тегереги) - 1984, КЭДР] - корей жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер. 1925-ж. Корей пролетардык жазуучулар феде­рациясын уюштургандардын бири. 1922-23-ж. Токиодо окуган. 1924-жылдан «Байкемдин жа­шырын каты» аттуу аңгемеси менен чыгармачылыгы башталган. «Карапайым калк кыштагы» (1925) деген повестинде, «Тууган эл» (1934) жана «Жа­ңылык» (1939) романдарында корей элинин тур­мушун сүрөттөгөн. 1945-жылдан кийин Корея­да жүргүзүлгөн жер реформасы жөнүндөгү «Жер» (1- 2-бөлүк, 1948-60), япон баскынчыларына кар­шы күрөштү көрсөткөн үч томдук «Туманган өзөнү» (1954-64) романы бар. 1950-жылдан Тынч­тыктын бүткүл дүйнөлүк советинин мүчөсү. 1946-жылдан Корей-совет достук коомунун

төра­гасы болгон. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сый­ланган.