ЛИБРЕТТО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИБРЕТТО (италиялык ИЬгеИо, сөзмө-сөз - китеп­че) -1)көркөм адабиятта сахна үчүн жазылган опералык чыгармалардын көркөм тексти. Л. адатта ыр түрүндө жазылат. Кыргыз­дын «Алтын кыз» (Ж. Бөкөнбаев), «Ажал орду­на» (Ж. Турусбеков), «Токтогул» (Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов), «Айчүрөк» (Ж. Бөкөнбаев, К. Ма­ликов, Ж. Турусбеков) операларынын Л-сун про­фессионал акындар жазышкан; 2) м у з ы к а­д а музыкалык-драманын (опера, оперетта, кантата, оратория, кыска балет баяндамасы Л. деп атал­ган) диалогдуу көркөм тексти; 3) балеттин ада­бий сценарийи; 4) операнын, опереттанын, ба­леттин, драманын, кинонун кыскача сюжетин баяндаган өзүнчө китепче, баракча, театрдык программа. 17-к-дын акырынан операнын Л-су көрүүчүлөргө китепче катары чыгарылып тур­ган. 18-к-дын ортосуна чейин Л-нун компо­зициясы типтүү схема боюнча жазылса, 19-к-дан адабий-драматургияга шыгы бар, көрүнүктүү композиторлор операларына өздөрү Л. жаза башташкан (Г. Берлиоз, М. П. Мусоргский, С. С. Прокофьев ж. б.) Кээде балеттик (мисалы, «Чолпон» балети) чыгармалардын тексттерин да Л. деп аташат.