ЛЕСКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕСКОВ Николай Семёнович [4(16). 2. 1831, азыркы Орёл обл., Горохов кыш. - 21. 2(5. 3). 1895, Санкт-Петербург] - орус жазуучусу. Орёл гимназиясында окуган. Жазуучулук ишин ма­кала жана фельетон жазуудан баштаган. Алгач­кы реалисттик аңгеме, повесттери: «Унутулган иш» (1862), «Бир катындын турмушу» (1863), «Мцен уездиндегц Макбет айым» (1865). 20- к-дын 60-жылдары Л. революциячыл демократия менен таймашып, чыгармаларында «жаңы адам­га» каршы чыккан. 70-жылдары Л. орус патри­отторунун типтерин («Собордогулар», 1872; «Жү­рөктөгү периште», 1873; «Кудайы момун Голо­ван», 1880) жараткан. Ал - «Майышпас эрк» (1876), «Тулалык Сологой жана болот бүргө туу­ралуу санжыра» (1883), «Сүрөтчү чачтарач» (1883) ж. б. чыгармалардын автору. Л. адабий жана элдик тилди ширелиштирип, баяндоо ык­масына жандуу касиет кийирген.

Чыг.: Полн. собр. соч.: В 30 т. М., 1996-2007. - Т. 1-10.

Ац­Лесков и русская литература. М., 1988.