ЛЕЙКОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕЙКОЗ жаныбарларда - кан пайда кылуучу органдарды ж-а лимфа клеткаларын жабыркатуучу жугуштуу ылаң. Ылаңдаткычы РНКлуу Ке1;гоу1г13ае түркүмүнө кирүүчү онко­гендүү вирус (онкорновирус). Сырткы чөйрөдө туруксуз. Ылаң бардык континенттерде кезде­шип, катуу кармаган ж-а өнөкөт түрү бар. Көбүнчө 4-8 жаштагы кой, уй, эчки, жылкы, чочко ж. б., үй куштары жабыркайт. Кырг-нда бодо малдын ж-а койдун Л-у көп кездешет. Бодо малдын Л-у өзгөчө Чүй өрөөнүндөгү чар­баларда тараган. Кырг-нда багылуучу олуя-ата ж-а ала-тоо тукумундагы уйлар да ылаңдайт. Л. козгогучунун булагы — ылаңдуу жаныбар­лар. Букма мезгили табигый шартта 2—6 жыл­га созулат. Л-до малдын жалпы абалы начар­лайт, тоютка табити солгундайт, сүтү азаят, тез арыктайт, ичи өтөт, катат, көбөт, дем алуу кыйындайт, о. эле моюнунун алдында туюк жа­ралар байкалат, богок бези жараланат ж-а те­риде килкилдеген жерлер пайда болот. Л. жаш малда көбүнчө курч өтөт. Диагноз эпизоотол., клиникалык, серол., вирусол., патанат. ж-а гистол. изилдөөлөрдүн негизинде коюлат. Ылаң­ды айыктыруучу дары табыла элек, натыйжа­луу вакцина жок. Алдын алуу ж-а ага каршы күрөшүү өз убагында диагноздоп ж-а ылаң чык­кан чарбаларга карантин коюуга багытталат. Малкана тазаланат ж-а жегич натрийдин 2- 3%түү эритмеси м-н дезинфекцияланат.