ЛЕВИТАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕВИТАН Юрий Борисович [19. 9 (2. 10). 1914, Владимир - 4. 8. 1983, Москва] - диктор. СССР эл арт. (1980). Эмгек жолун 1931-ж. 17 жашы­нан баштап, өмүрүнүн аягына чейин Москвада­гы Бүткүл союздук радионун диктору болуп эм­гектенген. Ал добушунун уккулуктуу тембри м-н өзгөчөлөнгөн. 50 жыл ичинде саясий, рас­мий маалыматты, айрыкча Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Совинформбюронун маалымат

жыйнактарын, андагы оор, кайгылуу кабарлар­ды зор чеберчиликте элдин жан дүйнөсүнө жет­кире окуган. 0. эле бир нече фильмдерге үн кош­тогон.