ЛАТЫН ЖАЗУУСУ —

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАТЫН ЖАЗУУСУ — Рим шаарынын кичине­кей бир Лациум деген аймагында жашагандар­дын гана жазуусу катары колдонулган. Б. з. ч. 753-ж. негизделген. Латын тилинин негизин­де 23 тамгадан турат. Л. ж-нун өнүгүшү ж-а бирдиктүү алфавиттик система катары кеңири белгилүү болуп элге тарай башташы 16-к-да кагаздын пайда болушу ж-а китеп басып чы­гаруунун жолго коюлушу м-н шартталган. Л. ж-нун алфавити о. кылымда улуттар аралык карым-катнаштын каражаты катары Европа, Азия, Африка континенттериндеги өлкөлөргө да тараган. Көп элдердин жазуусу ушул алфа­виттин негизинде жаралып, Л. ж. ал элдердин жазуусу үчүн үлгү катары пайдаланылат. Бүгүн­кү күндө дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүндө Л. ж. пайдаланылат (2010). 1927-41-ж. кыргыздар да латын алфавитин колдонгон.