ЛАТИПА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАТИПА, л а т и ф а (ар. - көрктүү, жагым­дуу; көптүк - санда көрктүү сөздөр ж-а келиш­кен аңгемелер) - эл ичинде оозеки тараган күлкүлүү, кыска баяндар. Бул бизде «апенди» деген атал-ыш м-н көбүрөөк тараган, калк ара­сына абдан кеңири жайылган жанр. Булар­дын көбүнүн башкы каарманы Апенди же Ал­дар Көсө же Насир апенди. Алар өздөрүнүн акылмандыгы, тапкычтыгы, чукугандай сөз тапкычтыгы, адилетсиздик м-н келишпестиги аркылуу улам жаңы Л-га каарман болуп өтө берген.