ЛАТВИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:02, 27 Август (Баш оона) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАТВИЯ, Латвия Республикасы­Чыгыш Европадагы мамлекет. Түндүгүнөн Эс­тония, чыгышынан Россия, түш.-чыгышынан Беларуссия, түштүгүнөн Литва м-н чектешет. Балтика деңизи ж-а анын Рига булуңу м-н чул­ганат. Аянты 64,6 миң кмг. Калкы 2,26 млн (2009). Борбору - Рига. Расмий тили - латыш тили. Акча бирдиги - лат. Төрт тарыхый облусту

(регионду) камтыйт: Видземе (мурдагы Ливония­нын түш. бөлүгү, Лифляндия), Земгале (Земга­лия, Семигалия), Курземе (Курляндия, Куро­ния), Латгале (Латгалия). Адм.-айм. жактан 109 крайга ж-а респ-га баш ийген 9 шаарга бө­лүнөт (2007-жылдын 1-июлунан).

Л. - БУУнун (1991), Европа коопсуздугу ж-а кызматташтыгы уюмунун (1991), ЭВФтин (1992), Эл аралык реконструкциялоо ж-а өнүктүрүү банкынын (1992), Балтика өлкөлөрүнүн кеңеши­нин (1992), Бүткүл дүйнөлүк соода. уюмунун (1999), Европа Советинин (2004), НАТОнун (2004) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Л. - унитардык мам­лекет. Конституциясы 1922-ж. 15-февралда ка­был алынган. Башкаруу формасы - парламент­тик респ. Мамлекет башчысы - президент, аны парламент 4 жылга шайлайт. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент (сейм). Пропорциялык система (пар­тиялык тизме) м-н 4 жылга шайланып, 100 де­путаттан турат. Аткаруу бийлигин премьер-ми­нистр жетектеген министрлер кабинети ишке ашырат. Л-да көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Элдик партия, «Жаңы мезгил», «Латвиялык жол»,

«Мекенге ж-а эркиндикке», «Адам укуктары ж-а бирдиктүү Латвия үчүн» ж. б.

Табияты. Л. Чыгыш Европа түздүгүнүн түн.- батыш бөлүгүндө жайгашкан. Жээк сызыгынын уз. 500 клгдей. Жээги негизинен түздүктүү, дюна, пляждуу, начар тилмеленген, кургактыкка Рига булуңу гана кирип турат. Булуң Курземе (Курск) ж. а. ж-а Моонзунд архипелагы аркылуу деңиз мейкиндигинен бөлүнүп турат. Л-нын азыркы рельефи акыркы муз каптоонун мөңгүсүнүн че­гинишинен калыптанган. Ага жайпак же күдүр­лүү түздүктөр м-н дөбө-дөңсөөлөрдүн кезектешип жатышы мүнөздүү. Балтика деңизин жээктей жазылыгы 2-3 км болгон (айрым жерлеринде 50 кмте жеткен) түздүк созулуп жатат. Өлкөнүн батыш бөлүгүндө Курземе дөңсөөсү (бийикт. 182 мге чейин) жайгашкан. Байыркы муздук­тун аракетинен пайда болгон өрөөндөр мүнөздүү, алардын эң тереңи аркылуу - Абава д. агат. Борб. абалды Видземе дөңсөөсү (эң бийик же­ри 311 м, Гайзинькалнс чокусу - Л-нын эң би­йик жери), чыгышын Латгале дөңсөөсү (289 м) ээлейт. Курземе ж-а Видземе дөңсөөлөрүнүн ара­лыгында морена дөбөлүү Ортонку Латвия, түн­дүгүндө камдуу, друмлиндүү Түн. Латвия ой­дундары, Видземе, Латгале дөңсөөлөрүнүн ара­лыгында саздуу жайык Чыгыш Латвия ойдуңу жайгашкан.

Л-нын аймагы Чыгыш Европа платформасы­нын Орус плитасынын түн.-батыш чет-жакасы­нан орун алган. Батышы Балтика синеклиза­сында, чыгышы Латвия кайкысында, түндүгү Балтика калканынын капталында жатат. Плат­форманын фундаменти түндүгүндө 400-600 м, түш.-батышында 1800 м терендикте. Чым көңгө бай, о. эле гипс, курулуш доломити, акиташ теги, айнек ж-а формага түшүрүлчү кум, бар­дык жеринде чопо, кум-шагыл кендери бар. Акак, дары баткак, минералдуу суулары м-н да белгилүү.

Л. мелүүн, деңиздиктен континенттикке өтмө климаттуу аймакта жайгашкан. Батыштан сок­кон аба массасы үстөмдүк кылат. Июлдун орт. темп-расы 16-18°С, январдыкы Балтика деңи­зинин жээгинде -2°С, чыгышында -7°С. Жыл­дык жаан-чачыны 500-800 мм. Эң күнөстүү ж-а кургакчыл айы - май. Өтө булуттуулук мүнөздүү (жылына 150-180 күн бүркөк болот). Уз. 10 км- ден ашкан, жалпы уз. 38 миң клгге жеткен 777 дарыясы бар. Алардын бардыгы Балтика де­ңизинин алабына кирет. Ирилери: Даугава, Лие­лупе, Вента, Гауя. Көлдөрү негизинен муздуктун аракетинен пайда болгон; ирилери: Лубанас, Раз­нас, Буртниеку, Усмас, Лиепаяс. Ар бир адам­дын суу м-н жылдык камсыз болуусу 14,5 миң .м3. Суу ресурстарынын 0,8-0,9%и жыл сайын чарбалык муктаждыкка пайдаланылат; анын 13%и а. ч-на, 55% и коммуналдык-тиричилик ишканаларына, 32%и ө. ж-на кетет.

Кыртышынын негизин чымдак-күл топурак­тары түзөт; кеңири таралгандары: чымдак-кар­бонаттуу, чымдак-глейлүү, оёңчо жерлери - саз топурактуу. А. ч. жеринин 70% ке жакыны ашыкча нымдуу. Л-нын аймагы ийне-жазы жалбырактуу токой зоначасында жайгашкан. Токой өлкөнүн 38% аймагын ээлейт, анын 67% и ийне (кызыл карагай, карагай), 33% и жазы- (кайың, байтерек, ольха) жалбырактуу токой. Токойдун ири массивдери Курземе ж. а-нда, Даугаванын жээктеринде, өлкөнүн түн.-чыгы­шында жайгашкан. Шалбаа өлкөнүн аймагы­нын 7,5% ин, саз 4,8% ин ээлейт. Өлкөдө жал­пысынан экол. кырдаал негизинен канааттан­дыраарлык. Ага атмосферага кошулган булга­ньгч заттардын азайышы (1990-жылдан 58,2% ке төмөндөгөн), ө. ж. ишканаларынын азайышы, табиятка болгон таасирдин төмөндөшү, тазалоо­чу курулмалардын технологиясынын жаңыла­нышы өбөлгө түздү.

ЛАТВИЯ

Коргоого алынган аймак Л-нын аянтынын 11% ин ээлеп, 3 улуттук паркты (Гауя, Кемери,

Слитере улуттук паркы.

Слитере), 5 табият коругун (Грини, Крусткал­ны, Морицсала, Тейчи, Энгурес көлү), 22 табият паркын, 211 корукчаны (ихтиол., куну, аңчы­лык), 1 биосфералык резерватты, 91 бак-дарак­парк иск-во объектисин, эл аралык маанидеги 6 суу-саздуу жерди камтыйт.

Калкы. Өлкөдө латыштар 59,3% (1989-жыл­кы эл каттоо б-ча 52,5%), орустар 27,8% (34,0%), беларустар 3,6%, украиндер 2,5% , по­ляктар 2,4%, литвалыктар 1,3%, еврейлер 0,4%. Төрөлүүнүн азайышынан (2008-ж. 1000 адамга 10,6 бала; 1991-ж. 1000 адамга 13,0 бала) ж-а өлүм-житимдин бир аз өсүүсунөн (2008-ж. 13,7, 1991-ж. 13,1 адам) калктын табигый өсүүсү бир аз басаңдады. 1960-90-жылдары СССРдин башка респ-ларынан келгендер Л-нын калкы­нын жылдык өсүүсүнүн жарымына жакынын түзгөн (миграция сальдосу 1960-ж. 1000 тургун­га9,2 адам, 1985-ж. 4,7 адам). 1990-2000-ж. им­мигранттардын ичинен АКШ, Канада, Австра­лия, Швециядан келген этностук латыштар ба­сымдуулук кылган. Өмүрдүн орт. узактыгы эр­кектердики 66,7, аялдардыкы 77,4 жаш. Калк­тын орт. жыштыгы: 1 клг2жерге 35,0 адам туу­ра келет. Шаар калкы 68% (2009). Ири шаарла­ры: Рига, Даугавпилс, Лиепая, Елгава, Юр­мала, Вентспилс, Резекне, Валмиера, Екабпилс. Өлкөнүн экономикасында калктын 1,12 млну эмгектенет (2009), анын 63%тен ашыгы тейлөө чөйрөсүнө, 29% ке жакыны ө. ж. м-н курулуш­ка, 8%и а. ч-на туура келет. Л-нын калкы­нын 22,7%и католиктер, 20,3%и протестанттар, 16%тен ашыгы православныйлар.

Тарыхы. Л. аймагында адамдардын пайда

бо­лушу ж-дөгү байыркы археол. маалыматтар мезолит дооруна (б. з. ч. 9-4-миң жылдык) таандык. 9-к-да Л. аймагын балт уруулары (латгал, сел, земгал, куршей ж. б.), о. эле финн­угор топтору - ливдер, скандинавдар ж-а славян уруулары мекендеп, мал чарбачылык ж-а дыйканчылык м-н кесиптенишкен. 10-к-да Л-да феод. мамилелер чыңдалган. Соода м-н кол өнөрчүлүк өнүгүп, православие дини тараган. Ме­жотне, Тервете, Ерсика, Кулдига, Лудза ш. соо­да ж-а кол өнөрчүлүк борборлоруна айланган. 12-13-к-да Л-нын алгачкы мамл. түзүлүшү - Та­лава, Ерсика ж-а Кокнесе княздыктары пай­да болгон. 12-к-дын 2-жарымында Түн. Герма­ниядан көпөстөр, католик миссионерлери ке­лип, Икшкилге Рим-католик чиркөөсүн уюш­турган. 1202-ж. Кылыччандар ордени түзүлүп, Түн. Германиядан келген кресттүүлөр м-н бирге Чыгыш Прибалтика аймактарын каратып, ка­толик динин киргизген. 13-к-дын 30-жылдары латыштар м-н литвалыктар Кылыччандар ор­денинин жоокерлерине бир нече жолу сокку уру­шуп, 1236-ж. Саулдун алдындагы (азыркы Шяу­ляй) салгылашта Кылыччандар ордени талка­ланган. 1237-ж. Кылыччандар орденинин кал­дыгы Тевтон ордени м-н биригип, Балтика боюнда Ливон орденин түзгөндөн кийин немис феодалдары басып алган. Л. аймагы 13-к-дын 2-жарымынан 1561-жылга чейин Ливон орде­нинин курамында калган. Ливон согушундагы (1558-83) орус аскерлеринин ийгиликтери не­мистердин Ливон орденинин кулашына (1561) алып келген. 1562-ж. ригалык архиепископтор­дун аймактары Задвин герцогуна, Ливон орде­нинин жерлери Курляндия герцогуна кошулган. 1600-292Ж. Полыпа м-н Швециянын ортосун­дагы согуштун натыйжасында Л-нын Задвин герцогдугу (түн. бөлүгү) Рига м-н кошо Швеция­га өткөн. 17-к-дын 2-жарымынан Л-га орус­тар отурукташа баштаган. Түндүк согушунда (1700-21) орус аскерлери Риганы ж-а Видземди басып алган. 18-к-дын аягында Л-нын бүт ай­магы Россияга кошулган. Л-нын деңиз жээгин­де жайгашуусу анын Россиянын базары м-н тыгыз байланышын чыңдап, экономикасын өркүндөтүүгө оңтойлуу шарт түзгөн. 19-к-дын ортосунда ө. ж. төңкөрүшү болуп, Л-да капита­лизм өнүгө баштаган. 1860-ж. Петербург-Вар­шава т. ж. линиясында биринчи т. ж. салы­нып, Л. м-н Россиянын ортосундагы ө. ж. ж-а а. ч. чөйрөсүндөгү байланышты бекемдеген. Рига Л-нын негизги ө. ж. ж-а соода борбору болуп, ө. ж. өндүрүшүнүн 70% и жайгашкан. Л. айма­гындагы ө. ж-дын өнүгүшүнө Россиядан тыш­кары германиялык капитал да негизги ролду ойногон. 1850-60-жылдары шаардык ж-а айыл­дык буржуазиянын кызыкчылыктарын корго­гон Жаш латыштардын улуттук либералдык кыймылы түзүлгөн. Анын өкүлдөрү К. Вальде­мар, К. Биезбардис, Ю. Алунан, К. Барон ж. б. крепостнойлук укукту жоюу, Россияга экон. ж-а саясий жактан багыт алуу ж. б. маселелер­ди көтөрүшкөн. Прибалтика провинцияларын­да социал-демократтардын таасири күчтүү бол­гон. 1904-ж. Латыш социал-демокр. жумушчу партиясы түзүлүп, РСДРПге кошулган. Л-нын жумушчулары 1905-07-жылдардагы рев-яга ак­тивдүү катышкан.

1-дүйнөлук согуш (1914-18) мезгилинде Л. аймагын германиялык аскерлер басып алып, көптөгөн райондорун талкалаган. Натыйжада Курляндия м-н Лифляндиядан 800 миң киши, 395 ө. ж. ишканалары Россиянын ички аймак­тарына көчүрүлгөн. 1915-16-ж. россиялык ар­миянын курамында улуттук Латыш аскер бө­лүкчөлөрү түзүлүп, Прибалтикадагы согушка активдүү катышкан. 1917-жылдагы Февраль рев-ясында Л-да кош бийлик орногон. Рев-ялык кыймылды күч м-н басууга мүмкүн болбогон­дуктан, генерал Л. Г. Корнилов башында тур­ган Убактылуу өкмөттүн аскерлери 1917-ж. 21- августта Риганы немис аскерлерине өткөрүп бер­ген. Петроградда Октябрь рев-ясы жеңгенден кийин (1917) Л-нын немистер басып албаган ай­мактарында Совет бийлиги орноп, помещиктик жерлерди конфискациялоо, 8 сааттык жумуш күнүн киргизүү ж. б. ж-дө мыйзамдар кабыл алынган. 1918-ж. февралда немистер Л-ны бү­түндөй басып алып, бардык рев-ялык кайра түзүүлөрдү жойгон. 18-ноябрда Антантанын кол­доосу м-н К. Ульманис башында турган Л-нын убактылуу улуттук өкмөтү уюшулуп, көз ка­ранды эмес Л. респ-нын түзүлгөндүгү жарыя­ланган. Буга жооп катары 1918-ж. 17-декабрда П. И. Стручка жетектеген Убактылуу совет өкмөтү түзүлүп, Л-дагы бардык бийликти совет­ке өткөрүп берүү ж-дө жарыя кылган. 1918-ж. 22-декабрда РСФСР ЭКС Сов. Л-ны көз каран­дысыз деп тааныган. 1919-ж. январдын аягын­да Л-нын дээрлик бүт аймагы баскынчылардан бошотулган. 1919-ж. январда Ригада Советтер-

Латвия Республикасынын СССРдин курамына ка­был алынышына байланыштуу Ригадагы майрам. 1940-ж., 6-август.

дин Бүткүл Л-лык 1-съезди болуп, Л. Соц. Сов. Респ. (ЛССР) деп жарыяланган. 1920-ж. Рига­да РСФСР м-н Л-нын ортосунда тынчтык кели­шимине кол коюлуп, РСФСР алгачкылардан бо­луп Латвия Респ-н өз алдынча мамлекет деп тааныган. Келишимдин негизинде россия-лат­виялык чек ара аныкталган. 1922-ж. Улуттар Лигасына кабыл алынган. 1922-ж. 15-февралда Конституциясы кабыл алынып, Л. демокр. респ. деп жарыяланган.

1929-33-ж. дүйнөлүк экон. кризистин шарт­тарында Л-да ички саясий абал курчуган. Ө. ж. өнүгүшү токтоп, жумушсуздардын саны өскөн. 1934-ж. премьер-министр К. Ульманис аскер бөлүктөрүнө таянып, мамл. төңкөрүш жасаган (1936-ж. ал президенттик орунду ээлеген), өлкөгө аскердик абал киргизилген (1938-ж. чейин сак­талган). К. Ульманис конституцияны жоюп, бардык саясий партияларга тыюу салып, спорт­тук ж-а маданий коомдорду, жумушчу ж-а проф­союз уюмдарын талкалаган. Улуттук мектеп­терди жаап, латгалдарды толугу м-н ассимиля­циялоо курсу жүргүзүлгөн. Бийликтин саясаты элдин нааразычылыгын күчөткөн. 1939-ж. ЛКП м-н Л. Соц. жумушчу-дыйкан партиясы Бир­диктүү элдик фронтко биригип, К. Ульманист­тин авторитардык режимине каршы күрөшкөн. 1930-жылдары Л. м-н СССР, Литва, Эстония ж. б. мамлекеттердин ортосунда достук ж-а кыз­матташтык ж-дөгү келишимине кол коюлган. 1940-ж. 21-июлда СССРдин күчү м-н К. Ульма­нистин өкмөтү отставкага кеткен. 1940-ж. 21- июлда элдик сейм Л-да совет бийлигин калы­бына келтирүү ж-дө чечим кабыл алып, Л. Соц. Сов. Респ. (ЛССР) деп жарыяланган. 1940-ж. 5-августта ЛССР СССРдин курамына кирген. Улуу Ата Мекендик согуш (1941-45) убагында 1941-ж. германиялык аскерлер Л-га кол салып, 1-июлда Риганы, 8-июлда бардык аймагын ба­сып алган. Оккупациялык бийлик 1941-ж. 18- 19-августта Л-нын бардык мамл. ишканаларын ж-а жерлерин германиялык мамлекеттин мен­чиги деп эсептеп, немис тилин мамл. тил деп жарыялаган. Латыштардын айрымдары Совет бийлигине каршы чыгып, германиялык күч­төргө кошулса, экинчилери фашисттик күчтөр­гө каршы партизандык топторду уюштурган.

Латвия акчасы - лат.
Shape 207

1945-ж. Л. германиялык баскынчылардан то­лук бошотулган. Согуш Л-нын экономикасына терс таасирин тийгизип, демогр. абалын начар­латкан. Согуштан кийин сов. элдердин жарда­мы м-н Л-нын экономикасы калыбына келти­рилген.

1950-80-жылдарда Л. ири экон. ийгиликтер­ге жетишкен. 1970-жылдары латыштар м-н орустардын ортосунда улутчулдук карама-кар­шылыктар пайдаболуп, 1987-ж. оппозициянын нааразычылык акциялары башталган. ММКда сталиндик репрессиялар сындалып, латыштар­дын депортацияланышы ж. б. маселелер ачык айтыла баштаган.

1988-ж. 10-июлда Ригада Л. улуттук көз ка­рандысыздыгы үчүн кыймыл (лидери Э. Берк­лав) негизделген, анын максаты 1918-жылдагы Л. Респ-нын үлгүсүн калыбына келтирүү бол­гон. 1988-ж. 9-октябрда Л-нын эгемендүүлүгүн ж-а латыш элинин руханий кайра жаралуусун калыптандыруу үчүн Л. элдик фронту (төрага­сы Д. Иванс, уюмдун 90% ин латыштар түзгөн) түзүлгөн. 1989-ж. Мамл. эгемендүүлүк ж-дө дек­ларация кабыл алынып, латыш тилине мамл. тил статусу берилген. 1990-ж. 15-февралдамамл. символдору - желек, герб ж-а гимни кабыл алынган. 1991-ж. 21-августта Л-нын көз каран­дысыздыгы жарыяланып, аны РСФСР, ЕСке мүчө болгон өлкөлөр, СССР тааныган. 1991- жылдан ЕККУга, БУУгамүчө. 1993-ж. улуттук валюта - лат киргизилген.

Чарбасы. ИДПнин көлөмү 38,9 млрд доллар (2008); аны киши башына бөлүштүргөндө 17,3 миң доллардан туура келет. Адамзат өнүгуүсүнүн индекси 0,866 (дүйнөдөгү 182 өлкөнүн ичинен 48-орунда). ИДПде тейлөө чөйрөсүнүн үлүпгү 74,3%, ө. ж. м-н курулуштуку 22,6%, айыл ж-а балык чарбаларыныкы 3,1%. Эркин экон. зоналары уюшулган, алар: Рига, Вентспилс эр­кин порттору, Лиепая, Резекне атайын экон. зоналары.

Тамак-аш, жыгач иштетүү, химия-фармацев­тика, о. эле экспортко багытталган жеңил ө. ж. өнүккөн. Отун ресурстары (чым көңдөн башка) дээрлик жокко эсе; рапстан биоотун өндүрөт. Отун-энергетика ресурстарын (а. и. табигый газ, нефть ж-а күйүүчү-майлоочу материалдарды) бүт

Россиядан алат. 2008-ж. 3,2 млрд кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн; ал электр энергияга бол­гон ички муктаждыктын жарымынан ашыгын камсыз кылат. Электр энергиясынын У2инен ашыгы ГЭСтен [Даугава д-ндагы ГЭС каскады: Плявиньск (кубаттуулугу 825 миң кВт-с), Рига (385 миң кВт-с), Кегумс (68 кВт-с)], калганы ЖЭСтен өндүрүлөт. Шамалдан энергия алуучу курулмалары да бар. Лиепая металлургия з-ду импорттук чоюндан ж-а металл сыныктары­нан болот ж-а прокат даярдайт; машина куруу ө. ж. мурда электр поездин, электр­ж-а радио­тех. продукцияларын чыгарса, алар кескин кыс­карып, азыр Рига кеме куруу, Даугавпилс ту­таштыргыч чынжыр ж-а Резекне электр аспап з-ддору, Ригадагы байланыш техникаларын ж-а каражаттарын, электр жабдууларын чыга­руучу ишканалар иштейт. Химия ө. ж-нын баш­кы ишканасы - «ПгшЪагз» парфюмерия-косме­тика ф-касы (Рига). Башка ө. ж. ишканалары: дары-дармек өндүрүүчү ж-а таңуучу (Рига, Олай­не), айнек-була з-ддору (Валмиера), курулуш ма­териалдары ишканалары (цемент, темир-бетон, кыш, карапа тактасы, черепица), жыгач иште­түү (жыгач даярдоодон даяр продукцияларды - фанера, кагаз, эмерек ж. б. чыгарууга чейин). Жеңил ө. ж. продукциясынын 80% ке жакыны (кездеме, кийим, бут кийим) экспортко чыга­рылат. Тамак-аш ө. ж. негизинен сүт, эт, балык­ты кайра иштетүүгө адистешкен. Алкоголь ичим­диктерин (а. и. «Рига бальзамы»), пиво чыга­руу илгертен өнүккөн; о. эле шире, лимонад, минералдуу суу, кондитер продуктулары даяр­далат.

А. ч-га жарактуу жери 2,4 млн га (2007), анын 73%иайдоо, 17%ижайыт, 9%ичабынды, 1%и бак-дарак ж-а огород. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк агр. продукциянын 57,9% ин камсыз кылат. Негиз­ги а. ч. өсүмдуктөрү: буудай, арпа. Тех. өсүм­дүктөрдөн рапстын мааниси зор, о. эле кар­төшкө, жашылча, гүл өстүрүлөт. Мал чарбасы­нын негизги тармактары - сүт багытындагы мал ж-а чочко чарбалары. Балык уулоо өнүккөн (2008-ж. 156,9 миң гбалык кармалган). Токой чарбасы өнүгүүдө (токой Л-нын аймагынын 60% ке жакын аянтын ээлейт); жыгач ресурсу­нун жалпы көлөму 546 млн м3.

Тейлөө чөйрөсү - өлкөнүн экономикасынын тез өнүгүп жаткан сектору. Алардын ичинен эң маанилүүлөрү: транспорттук тейлөө, банк-фи­нансы иштери, телекоммуникация сектору. Л-да туризмди өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарт­тар бар, алар - маданий-таанып билүү (арх-ра­тарыхый эстеликтер көп), спорттук-ден соолукту чыңдоочу ж-а рекреациялык (Рига булуңунун жээгиндеги курорттук зонадагы дары баткак­тар, минералдуу суулар; Латгаленин рекреация­лык потенциалы зор) объектилер. 20-к-дын 2- жарымында рекреациялык ж-а курорттук ири

чарба түзүлгөн (эң белгилүү курорттору: Балдо­не, Кемери, Лиепая, Цесис).

Л-нын аймагы аркылуу Россия ж. б. КМШ өлкөлөрүн Батыш Европа өлкөлөрү м-н байла­ныштырган транзиттик транспорт коридору өтөт. Т. ж-нун уз. 2230 км, анын 257 тсми электрлештирилген. Автомобиль жолунуку 69,7 миң км~, Л-нын маанилүү автомобиль ма­гистралы - эл аралык «У1а ВаШка» (Варшава - Каунас - Рига - Таллин) трассасынын бир бө­лүгү. Куур транспорту өнүккөн. Газ куурунун уз. 1237 км, нефть куурунун 82 км, нефть про­дукту кууру 417 км. Сырткы соода ж-а транзит­тик жүктөрдүн басымдуу бөлүгү деңиз транспорту аркылуу ташылат. Деңиз соода флоту 22 кеме­ни камтыйт; 118 кемеси башка өлкөлөрдүн же­леги м-н жүрөт. Он деңиз порту бар, алардын эң маанилүүлөрү: Рига, Вентспилс, Лиепая, о. эле 7 чакан порту иштейт. Ички суу жолунун уз. 300 км-, Лиелупе, Даугава, Вента д. аркылуу кеме жүрөт. Рига м-н Юрмаланы байланышты­РУУчу (Лиелупе д. ж-а Рига булуңу аркылуу) жүргүнчү ташуучу туруктуу кеме катнашы бар. Эл аралык аэропорттору - Рига м-н Лиепаяда.

Экспортко жыгач ж-а андан жасалган про­дукцияларын (сомо жыгач, таарынды мате­риалдарын, фанера, картон, кагаз), текстиль, металлургия, машина куруу ө. ж. продукция­ларын, о. эле азык түлүк чыгарып, сырттан ма­шина ж-а жабдууларды, нефть ж-а анын про­дуктуларын, химия, металлургия ө. ж. продук­цияларын, транспорт каражаттарын ж. б. алат. Сырткы соодасынын жалпы көлөмүнүн 75% ке жакыны Европа союзуна, 15%тен ашыгы КМШ өлкөлөрүнө туура келет (2008). Эң ири соода шериктештери: Литва, Эстония, Россия, Герма­ния, о. эле Полыпа, Швеция, Дания, Финлян­дия, Улуу Британия.

Билим берүүсү. «Билим берүүжөнүндө» (1998), «Илимий ишмердик жөнүндө» (2012) ж. б. мый­замдар аркылуу жөнгө салынат. Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбиялоону, баш­талгыч, орто, кесиптик ж-а жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 99,8% ти түзөт (2008). Ири ЖОЖ­дору Рига ш-нда жайгашкан. 472 ил. мекеме, 864 китепкана, 127 музей иштейт (2008).

Массалык-маалымат каражаттары. «ЬаГуцав үе81пез18», «Птепа», «К1£аз Ва183», «БаШцаз Ау1зе» ж. б. гезиттери латыш тилинде, «Теле­граф», «Вести сегодня», «Деловые вести», «Нау­ка и жизнь», «Вести» ж. б. гезиттери орус ти­линде чыгат. Радиоуктуруу 1925-жылдан, теле­көрсөтүү 1954-жылдан иштейт, 4 мамл., 20 мамл. эмес радиостанция, мамл. эки телеканал (БТУ-1, БТУ-7) ж-а бир нече менчик телеканалдар, о. эле «БЕТА» улуттук маалымат агенттиги бар.

Адабияты. Латыш ад-ты негизинен латыш ти­линде өнүгүүдө. Латыш тилиндеги алгачкы

жаз­ма тексттер (16-к.) диний китептердин котор­молору болгон. Реформация ж-а Контрреформа­ция латыш тилиндеги (1525-ж.; латыш тилин­деги сакталып калган биринчи китеп - немис иезуити Петр Канизийдин католиктик катехи­зиси, 1585) китеп басып чыгаруунун жайылы­шына түрткү болгон. Биринчи басмакана Рига­да 1588-ж. негизделген. Латыш диний прозасы­нын негиздөөчүсү деп латыш барокко ад-ты­нын эстелиги - «Латыш үгүттөрүнүн көп күт­түргөн жыйнагынын» (1654) автору, о. э. би­ринчи немис-латыш сөздүгүнүн («Ье11ив1пп» 1638) түзүүчүсү немец Г. Манцель эсептелет. Акындар Я. Руген м-н А. Ливенталдын, жазуу­чулар Э. Динсбергис м-н А. Лейтандын чыг­лыгы 19-к-дын 1-жарымындагы ад-тта көрү­нүктүү орунга ээ болгон. Улуттук драматургия­нын калыптанышы актёр, режиссёр ж-а драма­тург А. Алунандын чыг-лыгы («Олдоксон», 1869 «Челекчи м-н челекчи аял», 1872; «Жон Ней­ланд», 1881, комедиялары) м-н байланыштуу. 19-20-к-дын аралыгында латыш ад-т таануусу: ад-т теориясы, сыны ж-а тарыхы (М. Вольтер, Т. Зейферт, В. Плудонис, Я. Янсон-Браун ) пай­да болот. 1950-60-жылдары ад-ка акындар И. Аузиньш, И. Зиедонис, М. Чаклайс; драма­тургдар X. Гулбис, П. Петерсон, Г. Приеде ж. б. келет. Жанрдык кенен диапазон ж-а турмушту ар кыл деңгээлде символдоштуруу О. Вациетис­тин поэзиясына мүнөздүү («Алыскы сапар шама­лы», 1956; «Дем», 1966 жыйнактары; «Рояль үчүн концерт» поэмасы, 1971 ж. б.). 1970-80- жылдарда Л. ад-тына акындардын жаңы муу­ну келип кошулат: А. Айзпуриете, У. Берзинып, Ю. Гелдс, М. Залите, Ю. Куннос, М. Мелгал­вис, А. Нейбартс, Я. Рокпелнис ж. б. Проза (М. Зариныптын постмодернисттик романдары) ж-а драматургия (П. Путнинып, Я. Юрканс, Л. Стумбре, А. Гейкинс ж. б.) өнүккөн. Эгемен­дикти калыбына келтирүү үчүн күрөштүн ж-а кайра түзүлгөн Л. Респ-нын алгачкы жылда­рында (1980-жылдардын акыры - 1990-жыл­дардын башы) латыш ад-ты «жаңы прозаны» (П. Банковскис, Я. Веверис, М. Зелменис, А. Кол­манис ж. б.) издөө аракети м-н белгилүү. 1990- жылдардагы латыш ад-тына латыш эмигрант­жазуучуларынын (Л. Берзинып, И. Гребзде, И. Губиня, Г. Заринып, В. Зэпс, А. Иваска, В. Карклинып, В. Краславиетис, К. Лесинып, Р. Мукс, Л. Таунс, Э. Фрейманис, Андрей ж-а Аншлав Эглиттер ж. б.) чыг-лыгы кошулат. 20- к-дын башында аңгеме (М. Апель, П. Апши­никс, Н. Ранцан, К. Строд-Пленциник), адабий жомок (Наайзмиерстуле), роман (В. Луоцс-Вай­деанс «Жашоо күндөрү», 1939), очерк, новелла жанрлары өз ордун ээлейт; драматургия (К. Дау­гуленин «Өртү», 1912, биринчи латгаль пьеса­сы; О. Рупайнистин комедиялары) өнүгөт.

Лат­галь тилиндеги биринчи ыр жыйнак чыгат - Ю. Паберзанын «Жазүндөрү» (1913). Согуштан кийин латгаль ад-тынын борбору эмиграцияга - Германияга (акын А. Спогис) ж-а АКШга (но­веллачы Е. Лелис, драматург А. Рубенис ж. б.) оогон. Заманбап латгаль ад-тынын жаңы ба­гыттары О. Сейкстс м-н В. Лукашевич өңдүү ав­торлош иштешкен постмодернисттердин чыг­лыгында («Күнгө кактанган Сэппуку» ырлар жыйнагы, 1995; «Валерьяндын өмүрү ж-а көз караштары» романы, 1996), Л. Рунданенин, Ю. Рыучанстын, И. Тарауданын поэзиясынан орун алган. 20-к-дын 2-жарымында - 21-к-дын башында А. Гаррос, Н. Гуданц, Р. Добровен­ский, А. Левкин, С. Пичугин ж. б. проза, Л. Азаровы, В. Ермолаева, О. Ленцой, А. Пун­тен, Л. Романенко, Д. Сумароков, С. Тимофеев, Л. Черевичник, С. Ханин ж. б. поэзия м-н алек­тенишкен.

Архитектура жана сүрөт искусствосу. Б. з. ч. 1-миң жылдыкта Л. аймагында бекемделген ко­нуштар (пилскалндар) балт ж-а финн-угор топ­торуна байланыштуу кооздуктардын түрлөрү пайда болгон. 12-к-дын аягы - 13-к-дын башын­да жыгачтан православие чиркөөлөрү курулган. 14-к-да европ. роман стилиндеги коргонуу ж-а чиркөө имараттары басымдуулук кылган. О. кылымда көркөм сүрөт иск-восу Батыш Ев­ропа иск-восу м-н тыгыз өз ара байланышта таш, жыгач скульптура өнүккөн. Л. шаар арх-расы поляк ж-а нидерлайд зодчийлигинин таасиринде өнүксө, 17-к-дын аягында Польша м-н Түн. Ев­ропадан барокконун формалары таралган. При­балтиканын Россияга кошулушу м-н Л. арх-ра­сынын таасири күчөгөн (Б. Ф. Растрелли). 18- к-да курулуш өнөрүнө рококо стилинин элемен­ттери кире баштаган. 18-к-дын 2-жарымында Л-да классицизм калыптана баштаган. Совет бийлиги орноп, фашисттик баскынчылар куул­гандан кийин шаар, кыштактар пландуу түрдө курула баштаган. 1940-жылга чейин эклекти­калык кооздоо өнөрү күчөгөн. 1955-жылдан тип­түү долбоор б-ча темир-бетон ж-а кыш имарат­тар сов. неоклассицизм стилинде (Ригадагы Л. ИАнын бийик имараты, арх. О. Тилманс)

Пасиене кыштагындагы костёл, 1761-77.

курула баштаган. 1970-80-жылдарда Ригадагы конгресс үйү (1982, арх. Ю. Гертманис, В. Ка­дырков), Вентспилстеги «Юрас варты» (1977, арх. В. Вавулс, О. Домбровскис) мад-т үйү курул­ган. Л. архитекторлорунун долбоорлору м-н Москвада коомдук имараттар (метрополитендин

Елгавадагы «Петрина академиясы» 1773-75. Архи­тектор С. Енсен.

«Рижская» станциясы, 1958, арх. В. Апситис ж. б.) ж-а турак үйлөр салынган. 13-19-к-да Л-да көркөм сүрөт иск-восу негизинен Батыш Европанын иск-восу м-н эриш-аркак өнүккөн. 13-к-дан адегенде роман, анан готика иск-восу­нун нугунда таш скульптуралар пайда болгон. Готикадан бароккого өткөн кезде жасалган рельефтерде маньеризм өкүм сүргөн. 1900-10-ж. графика өнүккөн. Жасалга өнөрүнө негиз сал­ган Я. Куга, Ю. Мадерниек эмгектенишкен. Ла­тыш сүрөтчүлөрүнүн көбү Ригадагы сүрөт акаде­миясынан таалим алган. Совет доорунда реа­листтик салты улантылган, 1920-30-жылдарда живописте, лирикалык-романтикалык дүйнө таанымга көңүл бурулуп, пейзаж (В. Пурвитис), натюрморт (Л. Свемпс), жанрдык сүрөт (Я. Лие­пинып) портрет (Я. Тимбергс) тартуу өнүк­көн. Согуштан кийинки турмуш К. Мнесниек,

Я. Розенталс. Ырчы М. Вигнере-Грин­бергдин портрети. 1916. Латвия улут­тук көркөм сүрөт му­зейи. Рига.

Г. Элиас, А. Скриде, А. Эгле, П. Упитис, Г. Вилкс ж. б. сүрөтчүлөрдүн чыгармаларында чагылдыр­ган. Бир нече скульптуралык монументтер жа­ралган (Саласпилстеги мемориалдык ансамбль, 1961-67), скульптуралык портрет өнүккөн (Л. Давыдова-Медене, М. Ланге). 20-к-дын ая­гындагы иск-во жанрынын ар түрдүүлүгү м-н мүнөздөлөт: абстракттык живопись (Э. Илтнерс, О. Аболс), гиперреализм (Я. Осис, Л. Пурмале, А. Станкевиц), сюрреализм (М. Табака), акцио­низм (И. Блумбергс) багыттарында чыгармалар пайда болгон. 20-к-дын аягы - 21-к-дын башын­да Иецавадагы костёл (1997-2007), Даугавпилс­теги Ыйык Александр Невский чакан чиркөөсү (1999-2002), Саласпилстеги Ыйык Георгий чир­көөсү (2008-ж. курула башталган) ж. б. имарат­тар курулган.

Музыкасы. Латыштардын элдик музыкасы­нын негизги жанрлары - эмгек, мезгилдин салт­санаа, лирика, юмор, бий, ырлар. Элдик муз. аспаптары: кокле (сыбызгы сымал), дига, скрип­ка, стабуле, тауре, ажаргс (үйлөмө); тридексникс эглите (урма) ж. б. 16-к-дын аягында чиркөө ырлары биринчи ирет нотага түшүрүлгөн. 18- к-да Ригада орган музыкасы кыйла өнүккөн. 1760-ж. Рига муз. коому уюшулуп, ал симф. концерттер берген. 1782-ж. туруктуу опера труп­пасы бар шаардык немис театры ачылган (анда 1837-39-ж. Р. Вагнер дирижёрлук кылган).

Ригадагы Дом собо­рунун органы.

19-к-дын 2-жарымында хор музыкасы кеңири тараган. Улуттук композиторлор мектеби хор ж-а орган музыкасынын негизинде түзүлгөн. Я. Витолс, А. Юрьянс, Э. Вигнерс ж. б. алгач­кы латыш композиторлору болушкан. 20-к-дын башында муз. мад-ттын өнүгүшүнө А. Кал­ниньш, Э. Мелнгаилис, Э. Дарзинып кыйла таа­сир тийгизген. Л-нын муз. турмушундагы маа­нилүү окуя 1917-19-ж. латыш аткычтарынын оркестрлеринин түзүлүшү болгон. 1920-ж. бирин­чи улуттук опера (А. Калнинып, «Банюта») коюлган. Л. консерваториясы (1919) латыш улуттук музыкасынын өнүгүшү үчүн зор

маа­ниге ээ болгон. 1940-41-ж. Л. опера ж-а балет театры, 1941-ж. мамл. филармония уюшулган. Муз. чыгармалар, изилдөөлөр «Латыш музыка­сы» жыйнагына (1958-жылдан) жарыяланып ту­рат. Л. симф. музыкасына симфониячы компо­зитор Я. Иванов зор салым кошкон. Опера жан­рында көптөгөн чыгармалар жаралган: М. За­ринып, «Жаңы жээкке» (1955), «Жашыл тегир­мен» (1958); А. Скулте, «Каныша кыз Гундега» (1971); И. Калнинып, «Ифигения Авлидада» (1982); Я. Лусенс, «Чымчык операсы» (2000) ж. б.

Театры. Л. алгачкы театр 18-к-дын 2-жары­мында пайда болуп, 19-к-да немис ж-а орус театр өнөрүнүн таасиринде өнүккөн. 1930-ж. Ригада ж. б. шаарларда театрлар, Мамл. Куур­чак театры (1944) ачылган. 1960-жылдары жаңы муундагы режиссёрлор (А. Яунушанс, А. Я. Шапиро ж. б.), 1990-жылдары постмодер­низмге таянган режиссёрлор (Ж. Ж. Жилинжер, Г. Шмите) ж. б. чыккан. 1995-жылдан Рига ж-а Даугавпилсте эл аралык «Ношо Моүиб», 1998-жылдан «Ногпо АНЫ» фестивалдары өткө­рүлөт (2 жылда бир жолу).

Балети. Биринчи балеттик труппа 1782-ж. пайда болгон. Артисттер м-н балетмейстерлер чет өлкөдөн чакырылып турган. Улуттук балет­тин келип чыгышы 1912-ж. Ригада ачылган «Латыш операсы» театры м-н байланыштуу. 1919-ж. анын базасында опера ж-а балет теат­ры түзүлгөн. Балет труппасын В. Комисарс же­тектеген. 1935-ж. биринчи латыш балети Я. Ме­диныптин «Сүйүүнүн жеңиши» коюлган. 1932- жылдан театрда балет мектеби (1948-жылдан Рига хореография окуу жайы) иштеген. Е. Чан­ги койгон спектаклдер Л. хореографиясынын алтын фондусунан орун алган. Балет иск-восу­на салым кошкон өнөрпоздор: хореографтар - И. Строде, А. Лембергс; артисттер - В. Вильци­ня, И. Гинтере, И. Каруле, И. Думпе, В. Янсонс ж. б.

Киногу. Л. киносу 1910-ж. башталган. Адеп хроникалык, документ кинофильмдер тарты­лып, Лиепая ш. ж-дөгү репортажды оператор Э. К. Тиссе тарткан (1913). Эң алгачкы тартыл­ган көркөм фильми «Чындык кайда?» (1913). 1939-ж. В. Лацистин романы б-ча тартылган «Балыкчынын уулу» фильми кино чеберлери­нин ири табылгасы болгон. 1940-ж. Ригада көр­көм ж-а документ фильмдер киностудиялары уюшулуп, 1948-ж. Рига киностудиясына би­риккен. «Каугур көтөрүлүшү» деген биринчи сов. латыш фильми тартылган (1941). 1970-80- жылдарда көптөгөн олуттуу фильмдер пайда болгон: «Оюн», 1981, «Дан куурай талаасы», 1984 - А. Криевс; «Менин үй-бүлөм», 1982 - П. Криловс ж. б. Стрейчтин «Театр» ж-а Бренч­тин «Дөбөлөрдөгү узак жол» («Долгая дорога в дюнах», 1980-81, СССРдин мамл. сыйл. 1983),

«Закым» (1983) ж. б. фильмдери СССРде өзгөчө белгилүү болгон. 1990-ж. кино өндүрүшү кес­кин кыскарса да, Стрейчтин «Адам баласы» (1991) ж-а «Тагдыр тегирмени» (1997); Фрейма­нистин «Уя» (1995) фильмдери тартылган. 2000- жылдардагы эң жакшы кинофильмдери: В. Кай­риштин «Жолдо кетип баратып» (2001), У. Цель­манын «Алакандагы патрон» (2002), Ю. Пош­кустун «Монотондуулук» (2007). Л-нын кино иск-восунун өнүгүшүнө реж. -

« Монотондуулук» фильминен кадр. Реж. Ю. Пошкус. 2007.

П. Н. Арманд, У. Браун, А. Фреманис, Л. Лейманис,

И. В. Масс, К. Пиесис; актёрлор - В. Артмане, Я. Грантинь, В. Зандбергс, X. Лиепинь, Э. Павулс, Д. Ритен­берг, Г. Цилинский ж. б. чоң салым кошушкан.

Ад.: История латышской литературы. Т. 1-2. Рига, 1971; Современная латышская поэзия/Сост. И. Ау­зинь. Рига, 1984, Т. 1-2; Заповедники Прибалтики и Белоруссии. М., 1989; Манаков А. Г. Население и хозяйство стран Балтии: Эстония, Латвия, Литва. Псков, 1997; Латвия//Болыпая Российская энцик­лопедия. Т. 17. М., 2010. Э. Кылычев.