ЛАМАРК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАМАРК Жан Батист (1. 8. 1744, Базантен, Пикардия - 18. 12. 1829, Париж) - фр. табият изилдөөчү.

Париж ИАнын мүчөсү (1783). Иезуиттер мектебинде окуган (Амьен), кудай жолуна түшүү карьерасынан баштартып, 1761-68-ж. ар­мияда кызмат кылган. 1772-76-ж. Мед. жог. мек­тепте метеорология, медици­на, химия, ботаника илим­дерин үйрөнүп, моллюс­калардын раковинасын кол­лекциялаган. 1777-78-ж. «Франциянын флорасы» де­ген 3 томдук эмгеги жарык көргөн. Ал китепте анын дихотомиялык принцип м-н өсүмдүктөрдү прак­тикалык аныктоосу сунушталган. Бул эмгек ага көрүнүктүү ботаниктердин бири катары атакка ээ кылган. 1780-81-ж. Европа б-ча саякатта бо­луп, табигый-тарыхый коллекцияларды изил­деген. Королдун ботан. багынын коллекциясын түзүп, музей уюштурган. Ал музейдин зооло­гия кафедрасында 24 жыл башчы ж-а проф. болгон. 1781-1818-ж. эн алгачкы уюшулган «Курт-кумурскалар ж-а курттар» кафедрасын­да проф. 1820-ж. азиз болуп, эмгектерин кыз­дарына айтып берип жаздырган. Л. 1-жолу (1794) айбанат дүйнөсүн 2 негизги топко - омурт­касыздарга ж-а омурткалууларга бөлүп, «омурт­касыздар» терминин илимге киргизген. Града­ция принциби б-ча омурткасыздарды он класс­ка бөлгөн. Градацияны эвол. көз карашта тү­шүнгөн. Л. «биология» терминин немис илим­позу Г. Р. Тревиранус м-н бир мезгилде (бирок ага байланышсыз) киргизген (1802). Тиричилик кубулуштарын түшүндүрүүдө Л. деист болгон. Жаратылыштагы бардык нерселер м-н кубулуш­тардын негизин түзгөн материя толук инерттүү, аны «жандантуу» үчүн ага тыштан кыймыл кир­гизүү керек, кыймылга биринчи түрткү берүү­чү - «улуу жараткан», жандуулар жансыздар­дан пайда болот деген. Зоопсихологияга негиз салган. Л. - ботаника, зоологиядан башка геол., гидрология ж-а метеорология б-ча эмгектердин автору.

Ад.: Пузанов И. И. Жан Батист Ламарк. М., 1959; <1ог<1апооа Ь. Ьатагк. 0x1., 1984.