ЛАЗЕРДИК БАСМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАЗЕРДИК БАСМА - лазер нуру м-н сүрөт­төлүштү басуу ыкмасы. Атайын цифралык түзүлүш м-н башкарылуучу ичке лазер нуру оп­тикалык системанын жардамы м-н айлануучу барабанга багытталат. Барабан сүрөттөлүштү өткөрүүчү материал м-н калталып, нур тийген жери электр м-н заряддалат, ал эми картриж­ден келип түшкөн тонер күкүмүнүн (порошогу­нун) майда бөлүкчөлөрү ошол заряддалган жер­ге тартылат. Барабандын айланышы м-н сүрөт­төлүштү чагылдырган күкүмдүн майда бөлүк­чөлөрү электрдик мүнөздө кагаз бетине түпгү­рүлөт ж-а ысыткычтын жардамы м-н эритилет, жыйынтыгында сүрөт алынат.