ЛАВЁРОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:02, 27 Август (Баш оона) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАВЁРОВ Николай Павлович (12. 1. 1930-ж. т.,

Архангел обл., Конош р-ну, Пожарище кыш.) - орус геологу, академик (1987), Россия ИАнын вице-президенти (1988). Москва түстүү металлур­гия ж-а алтын ин-тун 1954-ж. бүтүргөн. 1958-жыл­дан СССР ИАнын Кен бай­лыктар геологиясы, петрог­рафия, минералогия ж-а геохимия ин-тунун О. Азия геол. станциясынын (Чка­лов ш., Тажикстан) оку­муштуу-секретары. 1966- 68-ж. СССР Геология ми­нистрлигинин Илим­изилдөө башкармалыгы­нын башчысынын орун басары. 1968-72-ж. Бүткүл союздук Геол. фонддун, 1972-жылдан СССР Геол. илим изилдөөнү уюштуруу башкар­малыгынын башчысы. 1987-88-ж. Кыргыз ССР ИАнын президенти. 1989-90-ж. СССР Министр­лер Советинин төрагасынын орун басары, Илим ж-а техника к-тинин төрагасы, 1991-ж. СССРдин премьер-минйстринин орун басары, 1991-жыл­дын аягынан Россия ИАнын Кенташ, петрогра­фия, минералогия ж-а геохимия ин-тунда дирек­тор, 2004-жылдан ил. жетекчи. Негизги эмгек­тери уран геохимиясына, уран кендеринин түп­төлүү шартына ж-а геологиясына, аларды иште­түү технологиясына, радиоэкологияга арналган. 2- ж-а 1-даражадагы «Ата мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордени, Россия ИАнын М. В. Ломо­носов атн. чоң алтын медалы, Демидов сыйлы­гы м-н сыйланган.

Эмг.: Модель рудно-магматической системы золото­платинового месторождения Сухой Лог (Восточная Сибирь, Россия) // Вести Российской АН. 2000. Т. 375. №5 (авторлош).