ЛАБРАДОРИТ
ЛАБРАДОРИТ - плагиоклаз (лабрадор), бир аз (5-7%) пироксен м-н кенташ минералдарынан турган магма теги (габбро). Ири кристаллдуу.
Өңү-түсү кара же күңүрт боз. Бетин сүргүлөп жылмаласа, кочкул көк түстө кубулжуп турат. Өтө кооз көрүнөт. Эстеликтерди жасоодо, имараттарды кооздоодо колдонулат. Ири кендери Украинанын Житомир обл-нда, Канада м-н АКШда кездешет.