ЛАБРАДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:50, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАБРАДОР (ЬаЪгабог, португалча 1аугайог - дыйкан) - Атлантика океанындагы четки де­ңиз, Лабрадор ж. а. м-н Гренландия а-нын түш. четинин аралыгында жайгашкан. Аянты 841 миң км2, көлөмү 1596 миң км3. Эң терен жери 4246 м. Лабрадор ж. а-нын ж-а Ньюфаундленд а-нын жээктери фьорддуу, өтө тилмеленген, майда аралдар ж-а ыңгайлуу бухталар көп. Та­йыз (тереңдиги 200 лгге чейин) шельфи деңиз та­манынын 22% аянтын түзөт. Деңиз таманынын басымдуу бөлүгүн Лабрадор чуңкурдугу ээлейт, анын борб. бөлүгүндө каньон жайгашкан. Грен­ландияны жээктей Батыш Гренландия жы­луу агымы түндүктү, Лабрадор ж. а-н ж-а Ньюфаундленд а-н жээктей Лабрадор муздак агымы түштүктү карай агат. Жээк бөлүгү октябр­дан августка чейин тоңот. Суунун темп-расы фев­ралда -1,7°Стан августта 2-10°Ска чейин; орт. туздуулугу жээк тилкесинде 31%о, Атлантика океанынын чегинде 34,5%о. Суткасына 2 жолу ташкындайт, анын бийикт. Фарвель тумшугу­нун жээгинде 5 жге чейин.