ЛЕЙПЦИГ САЛГЫЛАШЫ (1813)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕЙПЦИГ САЛГЫЛАШЫ (1813) - Россия, Австрия, Пруссия ж-а Швециянын наполеон­дук Францияга каршы турган чечүүчү салгыла­шуу компаниясы. Бул салгылашууга союздаш­тардан (орустар, австриялыктар, пруссиялык­тар ж-а шведдер) 300 миң адам, Наполеон ар­миясынан (француз, поляк, италян, бельгия, голланд ж. б.) 200 миң адам катышкан. 3 күн­дүк салгылашууда император Наполеондун ас­кери жеңилип, союздаштар 52000, француздар

Лейпцигдеги жениш. Гравюра. 1820.

80000 адамынан ажыраган. Наполеон Лейпциг­ди калтырып, Рейнди көздөй чегинүүгө аргасыз болгон. Л. с. Германия м-н Голландияны Напо­леон аскеринен бошотууга, 16 герман князды­гы, Рейн уюму, Вестфаль королдугу, Берг ж-а Франкфурт герцогдуктарынын жоюлушуна алып келген.

Ад.: Левицкий Н. А. Лейпцигская операция 1813. М., 1934; Поход русской армии против Наполеона 1813 г. и освобождение Германии: Сб. документов. М., 1964; Чандлер Д. Военные кампании Наполеона. М., 2001.