ЛЁЙПЦИГ ПРОЦЕССИ (1933)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЁЙПЦИГ ПРОЦЕССИ (1933) - Берлинде Гер­мания рейхстагынын өрттөлүшү тууралуу иш б-ча саясий процесс. 1933-ж. 21-сентябрдан 23- декабрга чейин Лейпциг ш-нда өткөн. 1933-ж. январда бийликке келген улутчул-соц. немис жумушчу партиясынын өкүлдөрү Германия ком­мунисттик партиясынын таасирин төмөндөтүп, аны саясий майдандан четтетүү үчүн Г. Геринг­дин (фашисттик Германиянын мамл. ж-а сая­сий ишмери, негизги аскер кылмышкерлеринин бири) көрсөтмөсү б-ча 1933-ж. 27-февралга ка­раган түнү Рейхстагды өрттөп, коммунисттерге жалаа жаап, массалык террор жүргүзгөн. Гер­мания коммунисттик партиясынын Рейх­стагдагы фракциясынын төрагасы Э. Торглер, болгар коммунисттери Г. Димитров, Б. Попов, В. Танев ж-а нидерланд анархисти М. Ван дер Люббе процесстин негизги айыпталуучулары болгон. Л. п. башталганда эле башкы айыпта­луучу - Г. Димитров рейхстагдын өрттөнүшү фа-

Өрттөнүп жаткан рейхстаг.

шисттик диктатуранын иши экенин далилдеп, сот трибунасынан германиялык фашизмди аш­керелеген. Фашисттердин мындай чагымына нааразы болгон эл каршы чыгып, дүйнөнүн ири юристтеринен түзүлгөн комиссия 1933-ж. сен­тябрда Лондондо өткөн контрпроцессте Рейх­стагды гитлерчилер өзү өрттөгөнүн далилдеген. Коммунисттердин кылмышка тиешеси бар экен­диги далилденбегендиктен, германиялык сот аларды актоого аргасыз болгон, Марин ван дер Люббе өлүм жазасына тартылган. Э. Торглер, Г. Димитров, Б. Попов ж-а В. Танев акталган. 1934-ж. Г. Димитров, Б. Попов, В. Танев Моск­вага кетип, сов. жарандыкты алышкан. Э. Тор­глер 1936-ж. чейин камакта болгон.

Ац-: Курелла А. Димитров против Геринга. М., 1966; Димитров Г. Лейпцигский процесс: Речи, письма и документы. 2-е изд. М., 1984.