ЛАКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАКТАР - жука кабык пайда кылуучу заттар­дын орг. эриткичтердеги эритмеси. Аны металл, жыгач ж. б. заттын бетине жука сыйпап кургат­кандан кийин адгезиялык күч м-н тартылган жалтырак, тунук, катуу кабык пайда болот. Ал кабык түрдүү атм. бузуучу чөйрөдөн буюмду сак­тайт, кооздойт. Кээ бир Л. электр өткөрбөөчү материал катары да пайдаланылат. Көпчүлүгү лак боёкторун даярдоо үчүн керектелет. Кабык пайда кылуучу затты спирт, уайт-спирит, аце­тон, ксилол ж. б. эриткичтерде эритип даяр­дайт. Кабык пайда кылуу түрүнө жараша май­луу, алкиддик, полиацетондук, эпоксидцик ж. б. болуп бөлүнөт. Көбү түссүз. Түстүү Л-ды алуу үчүн кабыктын тунуктугун сактоочу орг. боёк­тор кошулат. Кара Л. битумдан даярдалат. Алар кургаганда эриткич учуп кетип, кайра эрүүчү кабык пайда болот. Мындай Л. бөлмө темп-ра­сында эле тез кургайт. Кээде кайра эрибеген ка­бык пайда болуп, ал туруктуураак келет. Л-дын касиети илээшкектиги, кургоо ылдамдыгы ж. б. м-н мүнөздөлөт. Эл чарбасынын бардык тарма­гында, иск-водо, тиричиликте керектелет.