«ЛАЙЛИ-МАЖНУН»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЛАЙЛИ-МАЖНУН» - Азия элдеринин о. кы­лымдагы адабий эстелиги ж-а фольклордук дас­таны. Анын негизин жаш акындын кайгылуу сүйүүсү ж-дөгү байыркы араб легендалары түзөт. Уламышка караганда, 7-к-дын аягында көчмөн араб уруусунун акыны Кайс ибн Мунада Лайли деген кызга ашык болуп, ошондон улам Маж­нун (санаага алдырган) атка конот. Бирок Лай­лини атасы бай күйөөгө бергендиктен, Кайс та­лаа кезип, тентип кетет, муңдуу махабатын ырга айландырат. Кийинчерээк бул уламыш Низами Гянжевинин, А. Навоинин аты уйкаш дастан­дарынын жаралышына негиз болгон. «Л.-М-ду» биринчи жолу Низами Гянжеви 1188-ж. иштеп чыккан. А. Навоинин «Л.-М-у» кыргызчага ко­торулган (1948).