ЛЕЙТЕНАНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕЙТЕНАНТ (фр. Иеи1енап1 - орун басар) - көпчүлүк мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндөгү кенже офицерлер курамынын аскердик наамы; Л. алгач Францияда пайда болуп, отряд началь­нигинин орун басары (16-к-дан рота команди­ринин орун басары) деп аталган. 17-к-дын 2- жарымынан Франция ж. б. өлкөлөрдө Л. ар­мия ж-а флотто офицердик аскердик наамга ай­ланган. Россияда Л. наамы 1701-жылдан флот­тун кенже офицерлери, 1722-жылдан армия ж-а гвардиянын офицерлери үчүн ыйгарылган. 1716-жылдан «Л.» түшүнүгү кээ бир генералдык наамдардын (генерал-фельдмейстер-Л., генерал­Л., генерал-квартирмейстер-Л. ж. б.) курамдык бөлүгү катары колдонулган. СССРде Л. аскер­дик наамы 1935-ж., КРде «Аскердик наамдар­ды, класстык чиндерди, атайын класстык чин­дерди ж-а атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» мыйзамынын негизинде 1999-ж. кирген (к. Ас­кердик наамдар).