ЛАНДШАФТ КАРТАЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:53, 27 Август (Баш оона) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАНДШАФТ КАРТАЛАРЫ табигый аймактык ж-а антропогендик комплекстердин жайгашуу­сун ж-а структурасын чагылдырган карталар. Жалпы ил. (ар кандай рангадагы ландшафттык бирдиктерди камтуучу), баа берүүчү (аймакта чар­баны уюштуруу үчүн ландшафтты баалоочу), прогноздоочу (ландшафттын табигый ж-а тех­ногендик таасирлерден өзгөрүүсүн көрсөтүүчү) карталар болуп бөлүнөт. Ал эми, байыркы ланд­шафттардын реконструкцияланган карталары палеоландшафт карталары деп аталат.