ЛАҢДШАФТ ГЕОХИМИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАҢДШАФТ ГЕОХИМИЯСЫ - география м-н геохимияга таандык ил. багыт. 20-к-дын 40- жылдары пайда болгон. Геохимия, өзгөчө био­геохимия идеяларын ж-а ыкмаларын колдонуп, хим. элементтердин ландшафттагы миграция­сын изилдейт. Л. г. В. И. Вернадский (биосфе­ра), А. Е. Ферсман (чөлдөр м-н уюлдук аймак­тардын геохимиясы) тарабынан башталып, Б. Б. Полынов тарабынан өз алдынча ил. ба­гыт катары негизделген (1946). Көпчүлүк ланд­шафттарда атомдордун биол. айланышы, орг. заттардын пайда болушу ж-а ажырап бөлүнүшү сыяктуу биогендик миграция негизги ролду ой­нойт. Ландшафттардагы суулуу чөйрөдө физ.- хим. миграция басымдуулук кылат. Жер бети­нин миграциянын айрым өзгөчөлүктөрү м-н мүнөздөлгөн бөлүгү геохим. ландшафт деп ата­лат. Анын капталы, кыры, өрөөндөрү атомдор­дун миграциясы аркылуу бири-бири м-н байла­нышта болот. Миграциянын өзгөчөлүктөрүнө жараша ландшафттардын геохим. классифика­циясы, карталары түзүлгөн.

Ад.: Экогеохимия городских ландшафтов. М., 1995; Перельман А. И„ Касимов И. С. Геохимия ландшафта. М., 1999; Башкин В. Н„ Касимов И. С. Биогеохимия. М„ 2004.