ЛАМБЕРТ ЗАКОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАМБЕРТ ЗАКОНУ - жарыкты диффузиялуу таратуучу же чачыратуучу беттин жаркыракты­гы (£) бардык багытта бирдей экенин туюнду­РУУчу закон. Аны 1760-ж. немис окумуштуусу И. Ламберт ачкан. Л. з. азыркы кезде теор. изилдөөлөр үчүн ылайыктуу жарыктын

идеал­дык тарану схемасы катары каралат. Л. з-нун

аныктамасы б-ча М=рЬ, мында жарыктаныш (М) м-н жаркырактыктын (Ь) туруктуу каты­шы алынган. Л. з. фотометрия ж-а жарык тех­никасынын жакындатылган эсептөөлөрундө колдонулат. Турмушта кээ бир реалдуу нерсе­лер гана Л. з-нан чыкпай тургандай жарыкты чачыратышат. Аларга: магний кычкылы, ку­күрт кычкылдуу барий ж-а гипс м-н капталган беттер; тунук эмес чөйрөлөрдөн - сүттөй ак ай­нек, кээ бир булуттар; өзү жаркыроочу жарык булактарынан - абс. кара нерсе, күкүм түрүндөгү люминофорлор кирет. Л. з. жарыктын идеал­дуу таралуусунун схемасы катары теор. иштер­де гана эмес, болжолдуу фотометриялык ж-а жа­рык тех. эсептөөлөрдө да кенири колдонулат.