ЛАЗЕРДИК КУРАЛ —

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАЗЕРДИК КУРАЛ — адамдарды жабырлан­тууга ж-а аскер техникасын иштен чыгарууга арналган куралдын түрү. Л. к. тез арада ара­кетке келүүсү, нурунун ылдамдык м-н таркашы, тактыгы ж-а көрүнбөгөндүгү м-н мүнөздөлөт. Булут, туман, чаң, түтүн ж. б. лазер нурунун күчүн кыйла начарлоого алып келет. Ал атмос­ферада 6 к.иге (космосто бир нече мин клгге) чейинки аралыкка жете алат. 20-21-к-да Л. к-дын чегинде өлтүрбөөчү курал катары мер­чемдүү дозадагы нурду жиберүү, адамдын көрүү органдарын начарлатуу ж-а оптикалык-элект­рондук каражаттарды керектен чыгаруу үчүн Л. к-дын тактикалык үлгүлөрү иштелип чык­кан. Бирок эксперименттик үлгүлөр оор ж-а эби-сыны жок болгондуктан, ракеталарды, реак­тивдүү снаряддарды, космостук учуучу аппарат­тарды практика жүзүндө колдонуу татаал. АКШ, Россия, Япония, Израил, Кытай ж. б. мамлекеттерде Л. к-ды түзүү б,-ча иштер жүргү­зүлүүдө.