ЛАВРАЗИЯ
ЛАВРАЗИЯ (мурдагы Лаврентий калканы м-н Азия материгинин атынан) - Түн. Америка, Чыгыш Европа, Сибирь (балким Кытай-Корей, Түш. Кытай) платформаларынан турган байыркы зор материк. Бул платформалардын ортосунан каледон ж-а герцин бүктөлүү зоналары орун алган. Девон мезгилинин башталышында пайда болуп, мезозой заманынын ортосуна чейин турган. Кийин Атлантика океаны орун алганда азыркы абалга келген.