ЛАБРАДОР
ЛАБРАДОР - Түн. Американын (Канада) түн.- чыгышындагы жарым арал. Атлантика океаны, Ыйык Лаврентий булуңу, Гудзон кысыгы ж-а Гудзон булуңу м-н чулганат. Аянты 1,6 млн тслг2ден ашык; дүйнөдө Араб ж. а-нан кийинки 2-чоң жарым арал. Жеринин бети дөңсөөлүү (Лаврентий дөңсөөсу), түн.-чыгышын Торнгат тоосу (бийикт. 1595 жге чейин, Серк чокусу), борб. бөлүгүн бийикт. 500-800 жге жеткен көлдүү плато ээлейт. Түн. ж-а батыш жээктери негизинен жапыз, айрым жерлери шхерлүү (аскалуу майда аралдар), чыгышы бийик, фьорддуу. Тектон. жактан Канада калканынын бир бөлүгү. Темирдин ири кени бар. Климаты субарктикалык ж-а мелүүн; ага Түн. Муз океандын (Гудзон булуңунун) ж-а Лабрадор муздак агымынын таасири зор. Январдын орт. темп-расы түн.-батышында -28°Стан түш.-чыгышында -12°Ска, июлдуку тундүгүндө 7°Стан түштүгүндө 18°Ска чейин. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 250 мм, түштүгүндө 1200 ммге чейин. Басымдуу бөлүгүндө көп жылдык тоң кыртышы таралган. Дарыялары босоголуу, кеме каттоого ыңгайсыз; эң ириси - Черчилл д. Көл ж-а саздар көп. Токой- ЛУУ тундра, сейрек токой (кара ж-а ак карагай, бальзам көк карагайы, кара карагай ж. б.) өсүмдүктөрү басымдуу; түштүгүндө тайга токоюна жалбырагын күбүүчү дарак өсүмдүктөрү аралашат. Ири шаарлары: Шеффервилл, Сет-Иль (т. ж. аркылуу туташат), Форт-Шимо, Лабрадор-Сити.