ЛЕГИРЛӨӨ
ЛЕГИРЛӨӨ (нем. 1е§1егеп - эритүү) - металл куйманы белгилүү физ., хим. же мех. касиетке келтирүү үчүн курамына легирлөөчү элементтерди (көбүнчө никель, хром, кобальт ж. б.) кошуу. Л. байыркы заманда эле колдонулган. Россияда 19-к-дын 30-жылдары Златоуст з-дунда легирленген болотту эритип алуу теориясын ж-а технологиясын П. П. Аносов иштеп чыккан. Л-дөн өткөн металл куймалары таза металлдан бир кыйла айырмалуу касиеттерге ээ. Л. жолу м-н даярдалган куйманын кристаллдык структурасы ж-а айрым (электрдик, магниттик, жылуулук) касиеттери түрдүү кошулма элементтердин атомдорунун өз ара аракеттенүү тибине жараша болот. Л-чү элементтер кошулганда куйманын кандайдыр бир абалдан экинчисине өтүү темп-расы өзгөрөт, катуу эритмелердин ажыроо ылдамдыгы төмөндөйт. Куйманы Л. үчүн легирлөөчү ж-а легирленүүчү элементтер эритилип кошулат.