ЛАТЫН СОГУШТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАТЫН СОГУШТАРЫ - Латын союзундагы. шаарлардын Рим гегемондугуна каршы жүр­гүзгөн согуштары. 1-Латын с. б. з. ч. 496-ж. баш­талып, Рим башында турган Латын союзунун Кассий келишиминин (493) негизинде калыбы­на келтирилиши м-н аяктаган. Курамына кир­ген шаарларга бирдей укуктар берилген. Ири ай­мактарды ээлеп, үстөмдүккө жетишкен Рим м-н союздаштардын (Рим сенатына бирдей укук­та катышуу, консулдук кызматтарды ээлөө, Рим жарандыгын алуу ж. б. талаптарына Римдин макул эместиги) ортосундагы каршылык 2-Ла­тын согушуна (б. з. ч. 340-338-ж.) алып кел­ген. Натыйжада Латын союзу жоюлуп, латын­дардын Рим мамлекетинин курамына кириши­не алып келген.