БЕЙШЕЕВ Закон
БЕЙШЕЕВ Закон (05. 12. 1936-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Саруу кыштагы – 16. 07. 2020. Бишкек) – туңгуч кыргыз энциклопедиячыларынын бири, инженер-геолог, журналист, КРдин

маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1994), КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998). 1958-жылы ФПИнин тоокен жана геология факультетин бүтүргөн. 1958 –1971-жылдарда Кыргыз геология башкармасынын тармагында геолог, отряд жетекчиси болуп эмгектенген. 1972-жылдан Кыргыз совет энциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий редактор, улук илимий редактор, редакция башчысы, жооптуу секретарь, башкы редакторго орун басар. Бейшеев кыргыз элинин тарыхындагы алгачкы көп томдуу улуттук-универсалдык энциклопедияны даярдоого орчундуу салым кошкон. «Манас энциклопедиясын» чыгаруу демилгесин көтөргөн, республиканын илимий-маалыматтама басмасын калыптандырууда чоң эмгек сиңирген. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин республикалык «Эскерүү» китебин түзүүгө редколлегия мүчөсү катары активдүү катышкан. Публицистикалык макалалары жана даректүү баяндары, чакан аңгемелери, техника боюнча окуу китептеринин котормолору жарык көргөн. Даңк (2007) жана башка медалдар менен сыйланган.