КОШОЕВ Марат Темирбекович
КОШОЕВ Марат Темирбекович (25. 6. 1961-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу шаары) –

юстициянын генерал-майору (2008), Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси (1999). 1983-жылы КМУну бүткөн. 1983–85-жылдарда Бишкек шаарындагы 1- Май райондук, 1985–88-жылдарда Бишкек шаардык прокуратураларында тергөөчү, улук тергөөчү, 1988–91-жылдарда Кыргыз ССРинин прокуратурасында бөлүмдүн прокурору, 1991–93-жылдарда Чүй облустук прокуратурасында улук прокурор, бөлүмдүн начальниги, 1993–98-жылдарда КРдин Башкы прокуратурасында бөлүмдүн прокурору, улук прокурору, башкармалыктын начальниги, 1998–2004-жылдарда Бишкек шаардык, 2004-жылы Аламүдүн райондук прокурорунун орун басары, 2004–08-жылдарда КРдин Президентинин администрациясында бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчысы, КРдин Куралдуу күчтөрүн реформалоо боюнча ведомство аралык комиссиянын мүчөсү, 2008-жылдан КРдин аскер прокурору-башкы прокурордун орун басары.