КОШ-ТЕРЕК
КОШ-ТЕРЕК – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Т. Балтагулов атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1170 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыштагынан 5 км түштүк тарапта. Наманган темир жол бекетинен 56 км. Кыштак 1939-жылы орношкон. Калкы 1861 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП, спорт комплекси бар. Тегирмен, май жуаз иштейт.