КОРДОВА (Аргентинадагы шаар)
КО́РДОВА – Аргентинадагы шаар. Кордова провинциясынын административдик борбору. Пампа табигый облусунун (бийиктиги 360–480 м) чегинде жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2009; агломерациясында 1,8 млн). Калкынын саны боюнча Буэнос-Айрестен кийинки 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 1573-жылы негизделген. Шаардын эски бөлүгүндө колониялык мезгилдеги курулуштар (анын ичинде собор; 1573), чиркөөлөр сакталган. Иезуит курулуш комплекстери (анын ичинде Улуттук университеттин има-

раты) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Кордовада ири банктар, «Intel», «Moto- rola» корпорацияларынын филиалдары жайгашкан. Авиа (анын ичинде реактивдүү самолёт ж. б. ) ж-а машина (франциялык «Renault», италиялык «FIAT», «Iveco», германиялык «Volkswagen») куруу, тамак-аш, текстиль, булгаары–бут кийим, эмерек өнөр жай ишканалары, уран байытуучу завод иштейт. Улуттук илимдер Академиясы, университеттер (анын ичинде Католик, 21-кылым ж. б.), институттар, пинакотека, сүрөт галереясы, музей бар. Зоология ж-а ботаникалык бак уюштурулган.