АНАНЬЕВ Константин Николаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:35, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНАНЬЕВ Константин Николаевич [14.07.1910, РФ, Симбирск (Ульяновск) ш. - 22. 10. 1981, Фрунзе)] – байланыш системасынын новатору, Социалдык Эмгектин Баатыры (1956). Ананьев 1933-жылдан Кыргызстандагы байланыш системасында иштеп, радиотехниктен Кыргыз ССР байланыш министринин орун басарына чейин көтөрүлгөн. Ал жетекчилик

кылган Кыргызстандагы байланыш кызматкерлеринин тобу тоолуу жердеги радиореле магистралын кеңейтүүдө жана телекөрсөтүүнү жакшыртууда кыйла эмгек сиңирген. Топтун демилгеси менен Советтер Союзунда 1-жолу телефон байланыштарын аба аркылуу жүргүзүү иши уюштурулган. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 2 «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.