БЕКБОЕВ Мэлс Сагыналиевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:55, 6 Апрель (Чын куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКБОЕВ Мэлс Сагыналиевич (20. 11. 1952, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе облусу, Кызыл-Аскер (азыркы Сокулук) району, Арчалы айылы – 02. 04. 2016, Бишкек шаары) – генерал-майор (2004). Алматы шаарындагы ко­мандалык жогорку аскер окуу жайын (1974), М. В. Фрунзе атындагы аскердик академияны (1997), Россия Федерациясынын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын аскердик академиясын (2004) бүтүргөн. 1981–1983-жылдары 177-өзүнчө атайын күчтөр отрядынын курамында Афганстан Демократиялык Республикасындагы согуш операцияларына катышкан. 1983–1986-жылдары аба-десанттык бригадасында батальондун командири, 1986–1990-жылдары Кыргыз ССРинин Нарын шаары жана Ак-Талаа районунда аскер комиссары. 1990–1998-жылдары өзүнчө батальондун командири (Нарын шаары), 282-гвардиялык мотоаткычтар полкунун жана Панфилов атындагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын командиринин орун басары (Чүй облусу). 1998–2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Күжүрмөн даярдык башкармалыгынын начальниги,  2002-жылдан 2004-жылга чейин ал Фрунзе атындагы Аскер академиясында жана Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Аскер академиясында окуган. 2004–2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги, Коргоо министринин биринчи орун басары. Кызыл Жылдыз, 3-даражадагы «СССР Курал­дуу Күчтөрүндө Ата Меке­нине кызмат кылгандыгы үчүн», 2-(1999), 3-даражадагы (2000) Ма­нас ордендери жана медалдар менен сыйланган.