АГА-ХАН III

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:33, 24 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГА-ХАН III, С у л т а н М у х а м м а д ш а х (02. 11.1877, Карачи шаары, ‒ 11.7. 1957, Египет, Асуан шаары) ‒ шеит-исмаилит мусулмандарынын 48-мураскер имамы. «Ага Хан» титулу Персиянын башкаруучусу тарабынан берилген. Ал 1937-жылы Улуттар Лигасынын Президенти болуп дайындалган. Ага Хан III исмаилит мекемелеринин негизги иш чараларын уюштуруп, жетектөө менен бирге мусулмандардын кызыкчылыгын жактаган, аялдарга билим берүүнү колдогон жана тынчтык үчүн активдүү күрөшүп, эл аралык аренада зор кадыр-баркка ээ болгон.