КОМИНТЕРН (Ноокен районундагы кыштак)
КОМИНТЕ́РН , Н а з и р – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Ноокен айыл округуна караштуу. Бишкек – Ош автомобиль жолунун ж-а Масы суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 615 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыштагынан 15 км батыш тарапта. Тентек- Сай темир жол бекетинен (Өзбекстан) 20 км. Калкы 5036 (2022); негизинен дыйкан ж-а фермер чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.