АРКАК ТYPГҮЧ МАШИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 3 июль 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– аркак жибин чыгырыкка түрүүчү машина. Токуучу машинанын ийигине чыгырык кийгизилет да, эки кыскыч м-н кысылат. Ийик айланганда чыгырык кошо айланып, аркак жибин түрөт. Аркактын чыгырыкка текши түрүлүшү атайын механизм м-н жөнгө салынат. Жип чыгырыкка түрүлүн бүткөндө же үзүлгөндө, чыгырык өзүнөн өзү токтойт. Жиптин жоондугу атайы орнотулган прибор м-н текшерилип турат.