БУРХАРДТ РЕНЕТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:19, 27 март 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУ́РХАРДТ РЕНЕТИ – алманын эрте күздө бышуучу сорту. Крымдык багбан Н. Гартвис чыгарып, немец окумуштуусу Бурхардттын ысмынан коюлган. Кыргызстанда, Казакстанда көп өстүрүлөт. Кышка чыдамдуу, 4–5 жылдан кийин мөмө байлайт. Мөмөсү кыйгыл, даамдуу, ширелүү, жыты буруксуп турат, орт. салм. 100–120 г, Б. р. августтун аягында бышып, 3 ай сактоого жарайт. Андан как, кыям ж. б. жасалат.