АБСОЛЮТТУК ЧОҢДУК
АБСОЛЮТТУК ЧОҢДУК, модуль – а чыныгы саны |а| деп белгиленген терс эмес сан. Мында, эгер а > 0 болсо, |а| = а; эгер а< 0 болсо, |а| = - а болот. Комплекстүү z = х + iy caнынын Абсолюттук чоңдугу же модулу <math>\sqrt{x^2+y^2}</math> санына барабар.