КЫЛОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 декабрь 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЛОО – кыргыздарда жаңы туулган музоого жасалуучу ырым. Уузду бышырып, музоонун маңдайына, жонуна, куйругуна сүйкөп, «Кылоо­кылоо торпогум, алдыга барсаң бөрү жейт, арт­та калсаң ууру алат, орто жерден чыкпай жүр» дешип кылоолошкон.