ГИДРОМЕТРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 март 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОМЕ́ТРИЯ (гидро… ж-а …метрия) – гидрологиянын бир тармагы. Анда суюктуктун абалын, кыймылын ж-а суу объектилеринин режимин, өлчөмүн аныктоо, о. эле ал режимдеги кубулуштарга (суунун деӊгээлине, тереӊдигине, түбүнүн рельфине, басымына, агымына, ылдамдыгына, багытына, толкун элементтерине, суунун ылайлуулугуна, суу чыгымына ж. б.) байкоо жүргүзүү ыкмалары иштелип чыг-т.