ИЧКЕ-ЖЫЛГА КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 июль 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧКЕ-ЖЫЛГА КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 1-миң жылдыктан б. з. 14-к-на чейин жашаган көчмөн уруулардын мүрзөлөрү. Дөбө-Коргондун бийикт. 0,3–3 м. Кочкор өрөөнүндөгү Шамшы айылы­нын түш.-батыш тарабында жайгашкан. Дөбө ж-а таш мүрзөлөрдөн турат. 1954-ж. А. К. Ки­биров казып изилдеген. Казуу учурунда 11–14- к-га тиешелүү карапа идиштер, ээр, темир үзөңгү, жаанын жебелери, саадак, о. эле чий, чүпүрөк калдыктары, канжар, колодон жасалган кемер курдун тоголору табылган. Күйгүзүлүп көмүлгөн буюмдардын өзүнчө чуңкурчада жайгашканы енисей кыргыздарынын сөөктү көмүү салтына окшошуп кетет.