ЖЫЙНАЛГЫЧТЫК ТЕГЕРЕГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 май 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЙНАЛГЫЧТЫК ТЕГЕРЕГИ

–

∞ f (z) =

= ∑ ck (z − a )n (1) даражалуу катардын – ∆{z : k = 0

⏐z – a⏐<R}, z∈C тегереги; бул тегеректин ичин­де (1) катар абс. жыйналат, ал эми анын сыр­тында (⏐z – a⏐< R), жыйналбайт. R (1) катар­дын жыйналуу радиусу деп аталат. Ж. т-нин

чектеринде даражалуу катар жыйналат же жый­налбашы да мүмкүн. Даражалуу катардын жый­налуу радиусу 0 же ∞ ге барабар болушу мүмкүн; ∞ болгондо даражалуу катар комплекстүү те­гиздиктин каалаган чекитине жыйналат. Ар кандай даражалуу катардын жыйналуу облусу тегерек болот (анын чегинде жаткан кээ бир че­киттер гана кирбей калышы мүмкүн). Дара­жалуу катардын жыйналгычтык радиусун та­буу үчүн көбүнчө жыйналуучулуктун Д’Aламбер же Коши белгилери колдонулат.