ДЕПОЗИТ БАНКЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 март 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕПОЗИ́Т БАНКЫ (англ. deposit bank‚ bank of deposit) – калктан салымдарды кабыл алуучу банк. Д. б. негизинен жеке адамдардын‚ ишка­налардын‚ мамл. уюмдардын убактылуу бош акча каражаттарын тартууга‚ анын эсебинен узак эмес мөөнөткө (адатта 3–6 айга) ссуда берүүгө адистештирилген‚ о. эле эсеп операция­ларында кыска мөөнөттүү коммерциялык век­селдер м-н ар түрдүү ишеним операцияларын да ишке ашыра алат.